Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү. Сүрөт

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүшкөн. Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун Сузак РИИБдин өздүк курамы жана ЖКККБдын кызматкерлери көзөмөлгө алышкан.

«Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучулары Сузактын борбордук аянтына топтолушуп, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды. Бул иш-чарага катышкан райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү»,— деп айтылат маалыматта.