Сузактагы бала бакчада балдардын сабалышы. Прокуратура ишти карап жатат

Кечээ, 2-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьский айылынын Кенжетай балдар бакчасында тартылган видео тарап, чуу жаратты. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн билдирди.

Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге байланышканыбызда, аталган маалымат 2-декабрь күнү Сузак РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришти. Окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

«Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аталган факты Жалал-Абад облустук прокуратурасына катталып текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы аныкталгандыктан. Мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн»,- деп билдиришти.