Сузактагы бала бакчада сабалган балдар менен психологдор иштеп жатат

Сузактагы бала бакчада сабалган балдар менен психологдор иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасына ылайык, Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин доктору Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы «Кенжетай-1″ мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, жабыркаган тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришти»,- дешти.