Кечээ, 2-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьский айылынын Кенжетай балдар бакчасында тартылган видео тарап, чуу жаратты. Билим берүү министрлиги дароо реакция жасады.
«Министрлик социалдык тармакта тарап жаткан Сузак районундагы балдар бакчасында болгон окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрөт. Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат.
Жогоруда айтылган окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу кызматкерлерге катуу чара көрүлөт. Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынат. Ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — дешти.