Сузакта оорукананын коридорунда жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери боюнча түшүндүрмө беришти

100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Сузак райондук ооруканасынын коридоруна жаткырып коюшкан сүрөт тараган.  Жергиликтүү кеңештин депутаты бул көрүнүштүн сүрөтүн бөлүшүп, өлкө башчысы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана Башкы прокуратурага кайрылган. 

Сүрөт боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору менен байланышканыбызда, учурда ардагер палатада экенин билдирди.

«Бул ардагер Тез жардам кызматы менен ооруканага түшкөн. Келген учурда ошол жерге жаткырып, изилдөөлөрүн өткөргөнчө сүрөтү чыгып кеткен, азыр палатада», — деди.