Сузактагы кырсык: Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага операция жасалды

Бүгүн, 8-майга карата Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы Сузак районунан которулуп келген 10 баланын абалы туруктуу жакшы деп билдирет.
Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага пландалган операция, квалификациялуу адистер тарабынан жасалып, ийгиликтүү өттү. Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп баалангандыктан жалпы палатага которулду. Буга чейин жалпы палатага которулган балдардын абалы жакшы, дарыланууларын улантып жатышат, аларга керектүү дары-дармектери жетиштүү.