Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке жеткирилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында унаанын тебелеп кетүүсүнөн жабыркаган балдар атайын борт менен Бишкекке жеткирилди.

Жабыркаган балдар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Балдарды Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков жана жакындары коштоп барды.