Сузактагы мечиттин имамына айыл тургундары унаа белек кылышты

Сузакта мечиттин имамына унаа белек кылынды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Дөөлөт мечитинин имамына айыл эли 2005-жылы чыгарылган Honda Jazz үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

Саамалыкка айыл аксакалдары, жаштар катышып, жаш имамдын ишине ийгиликтерди каалашып, ак батасы менен бирге темир тулпардын документи менен ачкычын тапшырышты.

Жергиликтүү жамааттын жасаган жакшы ишине жетине албай кубанып турган имам Гүчоро Кубатбек уулу: “Аллах Таалага чексиз шүгүрлөрдү айтам. Эң башкысы эл жерибиз аман, мамлекетибиз тынчтыкта гүлдөп-өскөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын. Элимдин мага берген бул энчиси мен үчүн күтүлбөгөн белек болду. Жергиликтүү жамаатка, айыл элине чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем”, – деди ал.

Гүчоро Кубатбек уулу «Дөөлөт» мечитинин имамы кызматына мындан 5 жыл мурда дайындалган.