Сузак районунда мугалимден токмок жеген кыздын апасы алардын үй-бүлөсү акыркы окуяларсыз эле оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканын моюндаган. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюму жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыздын атасы 55 жашта жана 3 жылдан бери төшөктө жатат. Ал эки жолу инсульт болгон. Ал эми 48 жаштагы кыздын апасы кант диабети менен жабыркайт, 2-топтогу майып. Кыздын атасы 5 миң сом пенсия, апасы 2800 сом пенсия алат. Бул акча ден соолугун караганга өп-чап гана жетет.
Үй-бүлө 2010-жылы башынан оор кайгыны өткөргөн. Алар Орусияда иштеп жүргөндө 17 жаштагы кызы асынып алган. Ал эми 2015-жылы 18 жаштагы уулу Орусиядагы жол кырсыкта көз жумган. Алардын жалпы 8 баласы болгон. «Кызым үйгө кызарып, бир сөйкөсү жок келди. Күйөөмдү дайыма бир киши карашы керек болгондуктан, айрым жагдайларга көңүл бурбай калышым мүмкүн», — дейт кыздан апасы.
Кызын мугалим урганын билген соң, ал мугалим менен сүйлөшкөн. Мугалим кармана албай калганын айтып, кыздын апасынан кечирип сураган. Ал мындай кадамына жакында эле апасын жоготкону себеп болгонун айткан. Эки милиция кызматкери барып, кыз апасы менен милиция бөлүмгө барышкан. Ал мугалимге эч кандай доосу жок экенин айткан. Жолдо кызы 2 жолу кусуп жибергендиктен, ооруканага жаткырган.
«Башка мугалимдерден коркутуулар боло баштаган. Алар анын балдарын мектептен чыгарып саларын айтышкан. Ал эми кызынын кылыгына айып пул жазыларын да билдиришкен. Алар кызды ооруканага жаткырып, мугалимден акча алгысы келип жатат дешкен», — деп айтылат маалыматта.
Аталган мектептин директору Даткайым Нуралиева үй-бүлөнүн балдары жакшы окушарын айтып, бул окуя нес кылганын билдирген. Ал эми мугалим тийиштүү талаптарга жооп берерин, бирок тажрыйбасы аз экенин, анын 2019-жылдан баштап эле иштей баштаганын билдирген. «Мугалимге беш ай мурун ата-энелердин биринен арыз түшүп, ал дагы аны туура эмес жүрүм-туруму үчүн айыптаганын билген. Ошондо мугалим эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Атын ачыктагысы келбеген кесиптештеринин бири анын ачуулуу мүнөзү тууралуу айтып берди», — деп айтылат маалыматта.