Сузактагы окуучуну сабаган мугалимдин билими тууралуу айтылды

«Мугалим Мээримгүл Эргешбаева боюнча документтерди чогулттук». Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымат жыйынында окуучуну сабаган мугалим тууралуу айтып жатып билдирди.

Абдрахматованын айтымында, Эргешбаеванын «башталгыч класстын мугалими» адистиги боюнча орточо билими бар. 2013-жылы «жеке компьютердин оператору» адистиги боюнча бир айлык курсту аяктагандыгы тууралуу сертификатка ээ болгон.

«Мындай билим деңгээли ага башталгыч класстын мугалими болуп 7-класста сабак берүүгө канчалык мүмкүнчүлүк берет? Анын үстүнө жеке мектептеги бир айлык курс ага информатикадан сабак берүүгө талапка жооп береби? Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 28-беренесинде жогорку билими бар адамдар гана сабак бере алат деп жазылган», — деди Акыйкатчы.