Сузактан кырсыктап, Бишкекке которулган балдардын абалы туруктуу

Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы Сузак районунан которулуп келген 10 баланын абалы тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген. Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бүгүн, 6-майга карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт баланын үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер тарабынан операция жасалып ийгиликтүү өткөн, бүгүнкү күндө абалы туруктуу жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат. Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда. Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.