Свердлов административдик районунун аймагында митинг уюштурууга тыюу салынды

Архив

Бишкектин Свердлов райондук соту Свердлов административдик районунун аймагында митинг, тынчтык жүрүш, жөө жүрүш уюштурууга тыюу салды.

Документке ылайык, Свердлов райондук сотуна Свердлов районунун администрациясы митингдерге тыюу салуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми райондук сот өтүнүчтү колдогон. Эми шаардын бул районунда 1-марттан 25-апрелге чейин митинг уюштурууга болбойт.