«Сыйлык өз күнөөкөрүн тапты». Путиндин Рахмонго берген сыйлыгына ТИМдин басма сөз катчысы комментарий берди

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго берген сыйлыгына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев комментарий берди.

«Эсимде, Тажикстандын президенти былтыр апрель айында Кыргызстанга жасалган куралдуу агрессиядан кийин дароо эле “мамлекеттер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн” сыйланган жана жакында эле «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланды. Жылдан-жылга тажик жетекчилигинин аймактагы аракеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы тынчтыкка жана ынтымакка доо кетирип жаткан учурда кайсы аймактык коопсуздук жөнүндө сөз болушу кызык.

Кыргыз жеринде бейкүнөө каза болгондордун сөөгү муздай электе, энелер балдары үчүн көз жашын төгүп, жай тургундар талкаланган үйлөрүнө дале кайтып жатканда — бул сыйлык негиздүү таң калууну жаратат», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.