Сыймык Жапыкеев бейтапканага түшүп калды. Анын диагнозунун чоо-жайы

Финансылык полициянын башчысы Сыймык Жапыкеев бейтапканага жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Кандагы канттын өлчөмү бүгүн көтөрүлүп кетти. Акыркы күндөрү ден соолукка катуу күч келди. Кант диабетин бир да дарыгер айыктыра албай койгон. Эч жериң оорубайт, бирок бүт органды жейт экен. Буюрса, бир апта ден соолукту карап, анан ишке киришем. Дарыгерге баш ийбесе болбойт, жаткырышты», — деп жазган Сыймык Жапыкеев.

Октябрь айындагы митингдерде өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Ал соңку шайлоодо «Чоң казат» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.