«Сыймык Жапыкеев, сак бол!» Мелис Аспеков УКМКда зомбулукка дуушар болуп жатканын айтты

Ири өлчөмдө пара талап кылган деген кине коюлуп, УКМКнын тергөө абагында жаткан Мелис Аспеков андан Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевге чындыкка дал келбеген көрсөтмө алуу үчүн кызматкерлер тарабынан жапа чегип жатканын жазып чыкты. Анын мындай билдирүүсү соцтармактарга тарады.

«УКМКнын Коррупциияга каршы кызматынын башчысын Бекбосун Апсатаровду татыксыз берилген генералдык чининен ажыратып, токтоосуз ээлеген кызматынан кетишин талап кылам.

Мени УКМКнын СИЗОсунда мыйзамсыз, буюртма менен камап, кыпындай күнөөм жок отурганыма беш ай болду. Жогору жактан тергөөчүгө басым болгондуктан, ал эптеп болбогон ишти токуп, 3 ай кыйналып сотко 1 том кылып өткөрүп берди. 

Талап кылгандары, тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевге жалган жалаа жаап, чындыкка дал келбеген көрсөтмө алуу. Ошондо гана мени үй камагына бошотобуз деген, адамгерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда. Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти. Жапыкеевге жалган көрсөтмө бериш бат эле, бирок кийин Сыймыктын бетин мен кантип карайм, акыретте Кудайдын алдында кантип жооп берем? Менден бөлөк Каржы полициясынын ондой кызматкерлери камалып отурушат, теңи бошоп кетти. Аларга дагы Сыймык Жапыкеевге жалган көрсөтмө берсеңер, бошотобуз деп ар бирине сунуш түшкөн. Айтарым Сыймык сак бол, сен бул айласын таппай, келечеги бүдөмүк бийликтин, ыңгайсыз адамы экенсиң. Жакынкы арада сени да мага окшоп, калп кылмыш ишин токуп, камап салышы мүмкүн.

Тергөөдө акыйкаттык орун алып, менин ишим кыскарат деген өчпөс үмүтүм бар эле, андай болгон жок», — деп жазылат билдирүүдө.