«Сүйрөп алып, унаасын, акчасын тартып алат дегендер болду» дейт эки бутунан ажыраган жигиттин жубайы

SUPERTV’нын бул жолку каарманы мындан 2 жыл мурун поезддин алдында калып, эки бутунан айрылып калган Тилек Жумабеков. Анын айтымында, окуя Жаңы жыл түнү болгон. Достору менен майрамдап отуруп, мас абалында поезддин жолунда жатып калган. Эртеси ооруканада ойгонуп, эки буту жок экенин билген.

Каарманыбыз учурда үй-бүлөлүү. Анын жубайы Фарида Асланова «турмушка чыгар алдында жаман-жакшы айткан туугандар болду, мага тандоо оңойго турган жок» дейт. Ал эми Тилек Жумабеков үйлөнүү сунушун киргизгенде коркуу сезимдери болгонун жашырган жок. «Мен эмне болот деп эле ойлонуп жаттым. Ата-энем да «кыз макул болобу» деп чочулашты. Ата-энеси эмне деп ойлойт. Көп сөз болду. Биз жеңдик», — деди жигит.

Алардын айтымында, үйлөнүү той Москвада өткөн. «Той 10 чакты адам менен эле өттү. 1-2 кеминдиктер келип кетишти. Кызыктуусу 72 жаштагы апа келип, батасын берип кетти. Кыялданган той өттү. Орусиядагы мекендешибиз протезге деп акча чогулта баштаган экен. Доллар көтөрүлүп кетип, унаа алып берди. Чоң жардам болду. Ал кыз мени да окутту. Жардам кылды. Аябай ыраазыбыз. Мага жаман сөздөр айтылды. «Сүйрөп алып, артынан бир нерсе алып алайын деп жатат» дешти. Мен буга даяр эмес элем. Элдин ою ар кандай боло берет экен. Унаасын, акчасын алып алат дегендер болду. Бирок баары жакшы жакка чечилди», — деди ал.