«Сүйрөп барып, камабайт». Жанар Акаев Корея парламентиндеги нааразычылык акциясынын видеосу менен бөлүштү

«Түштүк Кореянын парламентинин имаратынын ичинде деле нааразылык акциялары өтө берет экен»,- деген депутат Жанар Акаев видео менен бөлүштү.

«Болгондо да булар президенттин аялынын кыңыр ишине нааразылар. Сүйрөп барып камап койбой эле, депутаттар ошолордун жанында делегацияларды тосуп, намыстанбай эле иштерин жасай беришет экен. Алардын ошол жердеги акциясы — эркиндиктин, демократиянын жана адам укугунун белгиси. Ушул “бузукулардын” айынан өнүкпөй, артка кетпей эле, Корея кандай тездик менен өнүгүп жатат. Эркиндикти тыйсак эле экономика өнүгөт деген чолок ой бизди чырмап алган. Пикирин айтып чыккан аялдардан, жарандык коомдон коркпой эле, түрмөгө камабай деле, танктай болуп алдыга карап жыла бериш керек го бийликтер. Иши кылып митингге чыкканы да, бийлиги да маданият менен тартипке баш ийгени жакшы экен», — деп жазды ал.