Сүйүнчү! 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлдү

1-октябрдан тарта пенсия жогорулатылды. Бул тууралуу Биринчи радиого Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. 

Анын айтымында, жогорулатылган пенсия 10-октябрдан тарта бериле баштайт. «Салт болуп калды 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлөт. Быйыл да ошондой болуп жатат. Пенсия 10 пайызга көтөрүлөт. Эсептөөлөр толугу менен бүттү. Пенсия алуучулардын жалпы саны 813 миңден ашты», — деди ал.

Кыргызстанда пенсияга аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан чыгат.  Эң аз пенсия быйыл 7200 сом болот.