Сүйүнчү! Бишкекте 3 эм уул төрөлдү

15-сентябрда Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 34 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3 килограмм 300 грамм, 3 килограмм 660 грамм, 3 килограмм 445 грамм салмакта төрөлгөн.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», — деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.