Сүйүнчү! Бишкекте 35 жаштагы келин 3 эм төрөдү

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

19-апрелде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Үчөө тең эркек балдар.

Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык.