13-майда Ош шаарында Өзгөн шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Дилдора Маматхонова үч эмди жарыкка алып келди.
Ымыркайларга Мухаммад, Мустафа жана Хадича аттуу ысымдар берилген. Өзгөн шаарынын мэри, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акиминдин орун басары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы эне жана наристелерге барып, куттуктоосун билдиришти. Колдоо катары акчалай сыйлык берилди.