Сүйүшкөндөр күнүндө өлкөдө 55 түгөй баш кошту

Кечээ, 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүндө Кыргызстанда 55 түгөй баш кошушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги борбордук «Бакыт өргөсүндө» 9, ал эми башка райондордо 10 түгөй катталган. Никени каттоого Баткен облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 5, Нарын облусунда 3, Ош облусунда 14, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5 арыз берилген.