Сүлүктүдө 44 жаштагы жаран үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Сүлүктүдө 44 жаштагы жаран үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын тургуну 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, издөө иштерине көмөктөшүү боюнча кайрылышкан.

Бүгүн, 22-декабрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сүлүктү шаардык №52 ӨКБдан 6 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 15 адам тартылган.