Сүлүктүдө 54 жаштагы жарандын буту сынып, тоодон түшө албай калган

Бүгүн, 7-апрель күнү саат 08:03тө Сүлүктү шаарында белгисиз жарандын буту сынып, тоодо калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05те чыгып кетишкен. Анын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы жаран экендиги аныкталган. Куткаруучулар жогоруда аты аталган жаранды тоодон алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.