Сүлүктүдө унаа жолунун жээгинде мыйзамсыз курулган курулуштар буздурулду

Сүлүктүдөгү унаа жолдорунун жээгинде мыйзамсыз курулган курулуштар буздурулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы жарлыгынын алкагында Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы мыйзамсыз курулган курулуштарды аныктап, унаа жолдорунун жээгинде жайгашкан объектилерди буздуруп жатат. Буга чейин аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.