Кечээ, 22-декабрь күнү Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 1980-жылы туулган тургуну 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат ӨКМдин Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кат түрүндө түшкөн.
Издөө иштерине бүгүн, 23-декабрда Сүлүктү шаары боюнча ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 25 жана чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон, жергиликтүү элден 17, жалпы 48 адам тартылды.
Кечээ, 22-декабрда да издөө иштери жүргүзүлүп, бирок тыянак чыккан эмес.