Сүлүктүдөгү шахтада уранды басып калган 2 жумушчу куткарылды (видео)

Кечээ, 7-январда Сүлүктү шаарындагы “Южный 3” шахтасында 2 кен казуучу урандынын астында калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпы 18 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган жаранды, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-жылы туулган жаранды аман-эсен куткарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Куткаруучулар тобун жетектеп барган майор Мурзамуратовдун айтымында, ушул эле шахтада 2022-жылдын май айында газга ууланып калган 4 кен казуучуну аман алып чыгышкан. Ал эми кечээ жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн. Адатта взвод куткаруучулары бир жарым чакырым тереңдикке чейин түшүп, шахтадан чыккан газды токтотуп, тосмо орнотуу, өрттү өчүрүү жана жабыркаган жарандарды издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп келишет.

Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку 2 жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан.