Сүлүктүнүн талкуу жараткан балатысынын чырагы жандырылды (видео)

Социалдык тармактарда Сүлүктү шаарынын балатысынын сүрөтү тарап, талкуу жаратты. Шаар мэри Болот Абдыжапаров Фейсбуктагы баракчасына сүрөт балаты жасалып бүтө электе тартылганын жазды.

«Сүлүктүнүн балатысы жасалып бүтө электе бирөө сүрөткө тартып алган экен. Шаардыктар менен бирге жасап бүтүп, жандырып алдык. Бирок ырахмат! Жакшы пиар болду», — деп жазып, иш-чарадагы видео менен бөлүштү.