"Сынак болчу". Коргоо министрлиги аскер кызматкеринин сабалган видеосу боюнча комментарий берди
Социалдык тармактарда аскер кызматкеринин сабалган видеосу тарап жатат. Видеодо рингде бир аскер кызматкери экинчисин сабап, тепкенин көрүүгө болот. Мушташ бир нече мүнөткө созулат. Алдын ала маалымат боюнча, катышуучулардын баары Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын бөлүгүнүн аскер кызматкерлери.