«Сынак болчу». Коргоо министрлиги аскер кызматкеринин сабалган видеосу боюнча комментарий берди

Социалдык тармактарда аскер кызматкеринин сабалган видеосу тарап жатат. Видеодо рингде бир аскер кызматкери экинчисин сабап, тепкенин көрүүгө болот. Мушташ бир нече мүнөткө созулат. Алдын ала маалымат боюнча, катышуучулардын баары Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын бөлүгүнүн аскер кызматкерлери.

Коргоо министрлиги «Илбирс» атайын багыттагы бөлүгүнүн бир жоокери экинчисин сабап жатканы тартылган видеого байланыштуу түшүндүрмө берип, окуяны жоокерлерди кабыл алуудагы сынак деп атады. «Видеодо аскерлер эмес, келишим менен иштегендер тартылган. Алар экзаменге өз каалоосу боюнча катышышат. Иш-чара жыл сайын күжүрмөн даярдыктын планына ылайык өткөрүлөт. “Жашыл берет” жобосуна ылайык, жоокердин физикалык даярдыгын жогорулатуу боюнча сынак. Ага Жалал-Абад гарнизонунун ведомстволук күч түзүмдөрүнүн 40тан ашык аскер кызматкерлери катышты», — дешти министрликтен.