Сыргабаев: «Тыгын болбошу үчүн автобуска отуруш керек»

Кечээ, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Депутат Гүлшаркан Култаева Абсаттар Сыргабаевдин республика боюнча автожолдордун курулуш иштерин аяктоо зарылдыгына көңүл бурду. Тактап айтканда, Майлуу-Суу — Ак-Суу жолунун курулушуна басым жасады. Ал эми депутат Улугбек Ормонов жол тейлөө ишканаларынын ишин кайра уюштуруу пландарына кызыкты. Эл өкүлү буга чейин ДЭУлар жер-жерлерде бөлүнгөн участоктор боюнча милдеттерин так аткарып келгенин белгилеп: «Бирок «КыргызАвтожол» мамлекеттик ишканасынын түзүлүшү менен ДЭУлар өз алдынча пландарды, эсептөөлөрдү жасай албай, так иштөө механизми бузулууда», — деди.

Андан тышкары, депутат Медербек Саккараев Бишкек — Кара-Балта жана Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолдорунун эл аралык стандарттарга ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрсө, депутат Чынберди Толонов Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү жолдун абалына көңүл бурду. Депутат Талант Мамытов аймактардагы жол инфратүзүмүн өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.