Сүрөтү интернетке тараган апа: «Өз апамды бир көрсөм деген арманым бар»

Эсиңиздерде болсо интернет тармагына түн жарымында кайыр сурап отурган улгайган аялдын сүрөтү тараган эле. Кийин сүрөттөгү каарманды издегендер да болгон. Биз дал ошол сүрөттөгү жаранды таап, жакындан таанышып сүйлөшө алдык. “Бакма кызмын, өз ата-энемди, тегимди таап, өмүрдөн өкүнүчсүз өтсөм дейм” дейт каарманыбыз.

«Бир жолу аял келип, «уялбайсыңбы, кыргызды уят кылып жатасың» деди. Мен уялбайм. Мен кайырчы болуп төрөлгөн эмесмин. Убагында мамлекеттик жумушта иштегем», — дейт ал.

Ал аны 15 жашында төрөгөн апасын азыркыга чейин издеп келерин айтты. «Мына мен 50 жашка чыктым. Өзүмдүн апамды көрө элекмин. Канча жашым калды… Апамды көрсөм деген арманым бар. Мен бакма кыз болуп жакшы үй-бүлөгө туш болгом. Апам төрөбөгөн аял болчу. Мерез аял болчу. Эне мээрими дегенди көргөн эмесмин. Түртүп салчу. Баккан атама ыраазымын», — деди ал.