Сүрөтү интернетке тараган апа: «Убагында окута албаган балдарыма «мени баккыла» дегенден уялам»

Эсиңиздерде болсо интернет тармагына түн жарымында кайыр сурап отурган улгайган аялдын сүрөтү тараган эле. Кийин сүрөттөгү каарманды издегендер да болгон. Биз дал ошол сүрөттөгү жаранды таап, жакындан таанышып сүйлөшө алдык. “Бакма кызмын, өз ата-энемди, тегимди таап, өмүрдөн өкүнүчсүз өтсөм дейм” дейт каарманыбыз.

«Ар бир алган тыйындын эсеби бар. Элден алган акчага арак ичсем, кымбат көйнөк кийсем же алтын алсам, бул күнөө болот. Тапкан акчамды балдарымдын балдарына жумшаганга аракет кылам. Кээде ал жерде 3кө, кээде 2ге чейин турганга туура келип калат», — деди ал.

Апа ошондой эле убагында балдарын окута албаган соң, аларды баккыла дегенге акысы жок экенин айтат. «Менин бала-чакам бар. Кадимкидей неберелерим бар. Болгону мен балдарыма догуруна албаган апамын. Мен догурунганга татыктуу эмесмин. Мен убагында балдарымды окута алган жокмун. Мен окутсам, алар жакшы жерде иштешмек. Анан мен кантип «апаңды бак, мен сени төрөгөм» деп айтам. Уялам», — дейт ал.