Түркия Кыргыз мамлекетине аскер техникасын берди

Түркия Кыргыз мамлекетине аскер техникасын берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Куралдуу күчтөр Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат менен менен жолуккан. Эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн соң, түрк элчиси Кыргыз өлкөсүнө расмий түрдө аскер техникаларын өткөрүп берген.