Таалайбек Абыкеев Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп шайланды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп Таалайбек Абыкеев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын талапкерлиги 2-апрелде судьялардын кеңешинде бир добуштан көрсөтүлгөн. Абыкеев 1994-2004-жылдары ички иштер органдарында эмгектенген. 2004-жылы 29-декабрда Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал кызматтан 2016-жылы өз ыктыяры менен кеткен. 2021-жылдын январь айынан бери Свердлов райондук сотунун судьясы кызматында эмгектенип жаткан.

Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Галина Шин өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.