Таалайбек Бектенов “Электр станциялары” ААКтын жетекчиси болуп дайындалды

Бектенов Таалайбек Эркинбекович «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун башкы директору болду. Мындай чечимди «Электр тармактары» ААКтын директорлор кеңеши кечээ, 18-февралда кабыл алган.

Буга чейин аталган ААКты Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич жетектеп келген. Анын ыйгарым укуктары өзү жазган арыздын негизинде 1-февралда токтотулган.

Таалайбек Бектенов акыркы беш жылда «Электр станциялары» ААКтын түзүмүндө иштеген. 2020-жылдын 24-январынан баштап ал компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.