Сарыбашов Таалайбек Насирбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейинки калаа башчысынын милдетин аткарып келген Бактыбек Кудайбергенов журналисттерге өз каалоосу менен кызматтан кетерин айткан эле.