Таалайбек Усубалиевдин «Ата-Бейит» аталышындагы сүрөтүн музейден алып салуу талабы коюлдубу? Сүрөтчүнүн жообу

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Жаңы соцреализм 2» көргөзмөсү ачылган. Учурда көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн ичинен Таалайбек Усубалиевдин «Ата-Бейит» аталышындагы сүрөтү популярдуу болуп жатат.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучусу сүрөтчү Таалайбек Усубалиев сүрөт үчүн кысымга алынып жатканын жана сүрөттү алып салуу талабы коюлганын. Ал эми мындай сүрөттү көргөзмөгө киргизгени үчүн музейдин директорунун кызматтан алынышы каралып жатканы тууралуу жазып чыкты. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги сүрөтчүнүн өзү менен байланыштык. 

Анын айтымында, бул жөн гана имиш. «Мен тарткан сүрөт карикатура эмес. Сүрөт менен ынтымакка чакырайын дедим. Тартып жатканда Курманбек Бакиевди жөн эле койбойсуңбу дегендер болду. Мен сот же прокурор эмесмин, аны убагында шайлаганыбыз чын. Ошондуктан сүрөткө аны да коштум. Ал эми Садыр Жапаровдун башын анча ылдый каратпаганымдын себеби, ал жакында эле президент болду, элден убакыт сурап жатат. Ошону эске алдым. Ал эми кысым болуп жатат деген жөн гана имиш»,- деди ал.