«Тааныбаган кишини кантип калкалайм?». Бейшеналиев Сурабалдиевага жооп берди

Буга чейин депутат Эльвира Сурабалдиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 3-протоколду кармап койгон адамды калкалап жатканын билдирген.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын сөздөрүн четке какты.

«Мен ал учурда иштеген эмесмин жана ким күнөөлүү экенин билбейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылсын. Мен тааныбаган адамды кантип калкалайм?» — деп жооп берди.