«Тааныштар уруша кетишкен». Милиция «Каприз» эс алуу борборундагы мушташ боюнча маалымат берди

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунда мушташ орун алганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

«Эс алуу борборунда бирин-бири тааныгандар арасында чатак чыгыптыр. Эс алуу борбордун күзөтчүсү түшүндүрүү иштерин жүргүзүптүр. Жерине милиция барып, териштирүү иштерин жүргүзүшөт»,- дешти алар.