«Таблону карабаңыз». Моссоветте жайгашкан акча алмаштыруучу жайларда доллар жогорулатылган баада сатылууда

Москва менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайларда бүгүн саат 16:41ге карата доллардын минималдуу сатуу курсу 85 сомду түзөт, бирок таблодо бардык жерде 84 сом деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу «Тазабек» жазып чыкты.

«Көптөгөн акча алмаштыруу жайлары накталай доллары калбаганын билдиришкен. Бир нече акча алмаштыруу жайлары бир адамдын колундагы накталай долларды чектелүү өлчөмдө беришүүдө. Америкалык банкноттордун запасы барлар 85,5 же 86 сомдон сатып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Акча алмаштыруучу жайлардын бири бир адамга эң көп дегенде 200 доллардан берилерин билдирди. Дагы биринде 86 курсу менен эң көбү 2 миң долларды сата алышат. Долларды 84 сомдон саткан жайлар аларда накталай акча калбаганын билдиришкен.