«Таенемдикине барам» деп адашып калган балдарды милиция таап, ата-энелерине өткөрүп берди

24-ноябрь күнү саат 17:30дар чамасында Кадамжай шаарындагы автобекетте 2 бала адашып калгандыгы боюнча милиция кызматкерлерине кабар келип түшөт. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Аймактык тескөөчүлөр ошол замат балдарды бөлүмгө алып келип сураштырганда алар Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, 7-10 жаштагы бир туугандар экени, Кадамжай шаарына таенесиникине өз алдынча келем деп адашып калгандыгын билдирген. Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, арадан бир саат убакыт өткөн соң, балдардын ата-энесин таап, аман-эсен өткөрүп берди. Адашып калган балдардын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, балдарын алып кетти.