«Таенеси менен жашайт». Милиция кой кайтарып жүргөн бала боюнча маалымат берди

Милиция «мал жайып, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт» деген бала боюнча маалымат берди.

«Социалдык тармактарда тараган кой кайтарып жүргөн бала боюнча жерине Айтматов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган. Кой кайтарып жүргөн бала 2014-жылы туулгандыгы, Арчагул айылындагы мектепте окуй тургандыгы такталды. Арчагул айылынан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып жүргөн бала таэнеси менен жашайт.

Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов РИИБге жеткирилди», — дешти.