Тагдыр. “Төшөктө жатсам да, апама жардам бергим келет”

Каарманыбыз Белек Далымбаев — 32 жашта. Ал 8 жыл мурун автокырсыкка кабылып, эки буту баспай калган. Алган жаракаты бүгүнкү күндө да күчөп, учурда коомчулуктун жардамына муктаж. Каарманыбыз «басып жүргөн кезде ден соолуктун кадырын билбептирмин» дейт.

Басып кетүүнү кыялданган каарманыбыз, “Төшөктө жатсам да бир ишти өздөштүрүп, апама кызмат кылсам” деп кыялданат.

Жардам берүүнү каалагандар видеодогу байланыш номерге кайрылса болот.