Тагдыр. «Жолдошум балдардан тамак кызганып, чыр чыгарчу»

Бул ирет үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон 5 балалуу жаш келиндин окуясын баяндайбыз. Каарманыбыз Наргиза Абдыкалыкова 30 жашта. Күйөөсүнүн жөнсүз ур-токмогунан тажаган ал айласыздан балдары менен качып келе берген. «Жолдошум балдардан тамак кызганып, чыр чыгарчу» деген ал учурда даараткана жууп иштейт.

Ак эмгектин артынан балдарына нан тапкан каарманыбыз таң эрте жумушка кетип, кечинде кеч келет. Бул учурда балдар бирин-бири багып, апасын күтүшөт. Жаш эне кайсы жерде жашарын жарыялагандан коркорун айтат. Анткени, зөөкүр жолдошу таап келип, кайрадан баягы адатын баштайбы деп чочулайт.

Каарманыбыздын тагдыры тууралуу кененирээк видеорепортаждан көрө аласыздар:

Даараткана жууп иштеген эне: “Жолдошум балдардан тамак аяп, баарыбызды сабачу”