«Тагдырымды айтып берип, үйлүү болдум» дейт «4 майыпты багам» деген SUPERTV’нын каарманы

Мындан 3 ай мурда биздин телеканал вагонду үй кылып жашаган Бакыт Жуманалиев аттуу жарандын тагдырын көрсөткөн. Анда каарманыбыз “Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” деген эле.

Жуманалиев ошол видеодо көрсөткөн кызы бүгүнкү күнү тилекке каршы чарчап калганын айтат. Ошондой эле SUPERTV’га видеоматериал жарык көргөндөн кийин кайрымдуу адамдардан 15 миң доллар чогулганын, ага үй сатып алганын кошумчалады.

«Кызым ушул бөлмөгө 15 күн жатты. Андан соң кете берди. Элден чогулган каражатка ушул үйдү алдым. 15 миң долларга алдым. Баарыңарга чоң рахмат. Ушул үйдө жалаң жакшылык болсун деп тилеп жатабыз»,- деди ал.