Кечээ, 12-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы «Тай-Мурас» спорткомплексине барды. Спорт ордосу толугу менен жаңыланган. Спорттун жаңы түрлөрү кошулуп, машыгуу үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган, спорт шаймандары да толугу менен жаңыланган.
Камчыбек Ташиев комплексти көрүп чыгып, чогулган жергиликтүү эл менен жолугушту. Өз сөзүндө: «Акыркы учурда жаштар арасында ар кандай туура эмес диний агымдардын азгырыгына алданып, коомду бузууга аракет кылып жаткандарга каршы күрөшүү зарылчылыгы пайда болду. Ата-энелер өз уул-кыздарыңарды көзмөлдөп, спорт менен машыгып, жакшы билим алышына көз салып турушуңуздар керек. Бул спор ордосу элибиз арасынан мыкты спортчулардын чыгышына мындан ары да кызмат кылат деп ишенемин», — деди.
«Тай-Мурас» спорт ордосунда спорттун 5 түрү боюнча машыгуулар өтөт: бокс, эркин күрөш, эрежесиз эр уруш, волейбол, гимнастика. «Тай-Мурастан» бокс боюнча эл аралык спорт чеберлери, өлкөнүн жана Азиянын жеңүүчүлөрү жана дүйнө чемпионатынын катышуучулары чыккан. Спорткомплекси алгач 2012-жылы ачылып, 300 балага ылайыкташкан.