Тай-Мурас Ташиев 600дөй аялга майрамдык маанай тартуулады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан 30 жыл бою «Баатыр энелер» орденин алгандарга сый көрсөтүлүп, аларга майрамдык маанай тартууланып келет. Өткөн жылы ал майрамдык салтанатты өткөрүүнү жыйынтыктап, мындан ары уулдары улантаарын айткан болчу. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин соцтармактагы баракчасында жазылды.
Бүгүн, 8-мартта Жалал-Абадда майрамдык маанай тартуулоо аземи Тай-Мурас Ташиев тарабынан уюштурулду. Камчыбек Ташиев өзү да бул иш-чарага конок катары катышты. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышты. Баатыр энелерге сый-тамак тартууланып, обондуу ырлар жаңырып, каалоо-тилектер айтылды. Иш-чарага аймактагы 600гө жакын энелер катышты.