«Тай, торпок, кой…» Ала-Букада жигит ата-энесине аш берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрдү

Ала-Букалык жигит аш берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрүп, 100дөн ашуун улан-кыздар өз күчүн сынашты.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургуну Үсөн Корчу уулу атасы Корчу Жумабаев жана апасы Кудайберди кызы Кансулуунун ашын берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрдү. Куран жарышка Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунан 50дөн ашуун кыз-келиндер, 100дөн ашуун уландар өз күчүн сынады. Байгеге 5 тай, 5 торпок, 5 кой, 5 козу-эчки жана акчалай сыйлыктар коюлду.

I орунду алгандарга бирден тай, II орунду алгандарга торпок, III орунга кой, IV орунду ээлегендерге козу берилди. Ошондой эле кыз-келиндер арасында I орунду алган катышуучуга 7000 сом, II орунга 5000 сом, III орунду алганга 3000 сом берилсе, жалпы катышкандарга 500 сомдон акчалай сыйлык, жайнамаз жана башка белек-бечкектер берилди.