Тажик аскерлери кыргыз айылдарынан кетип жатышат

Тажик аскерлери кыргыз айылдарынан кетип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар чек аранын такталбаган тилкесин ээлеп алышкан болчу. Буга чейин УКМКнын чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирген.